Борбор калаадагы чаткалдыктар воллейбол боюнча күч сынашты

волейбол 4 Кечээ, 10-апрелде Бишкекте волейбол боюнча Чаткал районунун айыл өкмөттөр аралык мелдеши болуп өттү. Волейбол оюну эркектер жана кыздар арасында 6дан 12 команда күч сынашты. Бул тууралуу Марал радиосунун кабарчысы Илгиз Жамалбеков билдирди. Мелдеш өтө кызуу темпте өтүп, жыйынтыгында, эркектер арасында биринчи орунду Сумсар айыл өкмөтү, экинчини Терек-Сай айыл өкмөтү, үчүнчүнү Чаткал айыл өкмөтү камсыз кылды. Ал эми кыздар арасында биринчиге Жаңы-Базар айылы, экинчиге Шакафтар айылынын ал эми, үчүнчүгө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кыздар командасы ээ болушту. Мындан сырткары спорттун кол күрөш, аркан тартмай сыяктуу, улуттук оюндар менен коштолду. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар менен бирге, грамоталар тапшырылды. Спорттук иш-чараны Чаткал айыл өкмөтү менен “Келечекке карай багыт” жаштар коомдук бирикмеси колго алып, каражат жагынан Чаткал районунун ишкерлери демөөрчүлүк кылды. М.Эшназаров]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *