“Кургак учукту токтотобуз!” иш чарасы болду

IMG-20160328-WA0001 IMG-20160328-WA0002 IMG-20160328-WA0003 IMG-20160328-WA0004 IMG-20160328-WA0006 IMG-20160328-WA0000IMG-20160328-WA0011IMG-20160328-WA0001 Аталган иш чарага райондук ЖДПБнын, райондук ден соолук комитеттеринин, санэпидкөзөмөл борборунун, РИИБ, райондук өрткө каршы бөлүмүнүн жана раймамадминистрациянын кызматкерлери, мектеп окуучулары катышты. Иш чара алгач катышуучулар  “Кургак учук айыгат!”, “Кургак учукту бирге токтотобуз!” деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүшүп, РИИБ ЖКК бөлүмчөсүнүн жана райондук өрткө каршы бөлүмүнүн кызматкерлеринин коштоосунда райондук ЖДПБдан раймамадминистацияга чейинки борбордук көчөнү басып өтүштү. Андан соң, район борборундагы “Канышай” соода борборунун алдында иш чаранын негизги бөлүгү болуп, анда район акиминин орун басары М. Досматов, райондук ЖДПБнын директору С. Таиров, райондук ЖДПБнын ден соолук чыңдоо адиси Ж. Нарынбетова, Каныш-Кыя айыл аймагынын соцадиси Ж. Осмоновалар сөз сүйлөшүп, республикадагы кургак учукка каршы аткарылып жаткан иш чаралар тууралуу айтышты. Иш чаранын жүрүшүндө, медкызматкерлер тарабынан  кургак учук дарты, андан сактануунун жолдору тууралуу баяндамалар окулуп, катышуучуларга кургак учуктун алдын алуу боюнча баракчалар таркатылды. Мындан сырткары, мектеп окуучулары тарабынан ыр, бий коштогон чакан концерт тартууланды. М. Эшназаров ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *