Архив кызматынын 90 жылдыгына карата: Архив-тарых күзгүсү

райархив (2) Архив бул-тарых топтомдору. Бул кызмат Кыргыз жеринде алгачкы жолу Кыргыз Автономиялык областынын аткаруу комитетинин 1926-жылы 30-августагы № 59 токтомунун негизинде уюшулган. 1931-жылы 14-ноябрда Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин токтомуна ылайык 1932-жылдын 1-январында Жалал-Абад райондук базалык авхив болуп, райондук аткаруу комитетинин алдында 1 кызматкер дайындалган. Ошентип 30-август архивисттердин күнү болуп белгиленип калган. Ал эми Чаткал райондук мамлекеттик архиви ачгач 1985-жылы уюшулуп, ошол мезгилде Ош мамлекеттик архивине карап, Чаткал райондук өздүк состав боюнча бирикме архиви болуп түзүлгөн. Анын биринчи жетекчиси болуп Иманалиев Чотон иштеп, жаңыдан уюшулган архивге өзүнүн чоң салымын кошкон. Алгач районго караштуу эки совхоздун 1958-жылдан берки документтерин сактоого кабыл алынган. Атап айтканда биринчи фонд болуп Чаткал совхозу жана экинчи фонд болуп Каныш-Кыя совхоздору киргизилген. 1986-1988-жылдары Чаткал райондук өздүк состав боюнча бирикме архивине Чотбай Нармырзаев жетекчи болуп иштеген. Чаткал райондук өздүк состав боюнча бирикме архиви 1990-жылдан Ош областтык мамлекеттик архивине караштуу  Жалал-Абад областтык филиалына карап турган. 1990-жылдын 14-декабры Кыргыз ССРинде “Областтык бөлүнүүлөр жана жаңы областтарды түзүү жөнүндө кабыл алынган мыйзамдын негизинде Жалал-Абад областы түзүлүп, Ош областтык мамлекеттик архивинин филиалы болгон Жалал-Абад архиви өзүнчө областтык мамлекеттик архив болуп бөлүнгөн. 1991-жылы Кыргыз Республикасы көз карандысыз мамлекет болгондон баштап архив кызматында да өзгөрүүлөр болуп, Чаткал райондук мамлекеттик архиви болуп уюшулуп, Жалал-Абад областтык мамлекеттик архивине караган. 2013-жылы райондук архивге атайын жаңы имарат салынып, Жаңы-Базар айылынан райондун борборуна көчүрүлүп, республикалык, областтык жана райондук жетекчилердин катышуусу менен жаңы конуштун ачылуу аземи болуп, пайдаланууга берилген. Чаткал районунда архив уюшулган алгачкы  мезгилден баштап ушул күнгө чейин 55 казына ачылып, районго караштуу мекеме-уюмдардан жана чарбалардан кабыл алынган 31-январь 2016-жылга карата 1956-жылдан 2011-жылдар аралыгындагы туруктуу сакталуучу 1900 көктөмө жана өздүк курам боюнча 2498 дело, баардыгы болуп 4391 дело мамлекеттик сактоодо турат. 2015-жылы октябрь айында өткөн Чаткал районунун 80 жылдык мааракесине арналган материалдары жана символикалары 2016-жылы райархивге мамлекеттик сактоого кабыл алынды. Азыркы күндө архивдин толуктоо булактарынын тизмесинде турган 25 мекемелердин жүргүзгөн иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жана сакталуусу боюнча усулдук жардамдар көрсөтүлүп келүүдө. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №517, 499, 160 токтомдорунун аткарылышы боюнча ар бир мекемеге ведомстволук архивдер уюштурулган. Ошондой эле жеке жарандардын социалдык-укуктук муктаждыктарын канааттандыруу боюнча маалыматтарды берүү, эң негизгиси документтерди архив эрежелерине ылайык сактап, келечектеги урпактарга мураска калтыруу үстүндө иш жүргүзүлүүдө. Ал эми 2016-жылдын 30-августунда белгиленүү алдында турган Кыргызстанда уюшулган архивдин 90 жылдык мааракесине карата Чаткал райондук мамлекеттик архиви өзүнүн алдына иш чараларды кабыл алды. Анда толуктоо булактарына кирген мекемелердин иш кагаздарын жүргүзүүчү кызматкерлерине семинар өткөрүү, 90 жылдык мааракеге карата көргөзмө уюштуруу иштери болот. Мамлекеттин түптөлүү башатынын алгачкы тарыхый мезгилинен баштап, ар бир өткөн мезгилин чагылдырып туруучу бирден-бир кызмат же мекеме бул-архив. Ошондой эле элдин басып өткөн жолу, ар бир адамдын эмгеги түбөлүккө же кайсыл бир убактарга чейин күнү бүгүнкүдөй сакталып, өчпөй кала бере турган жай бул-архив. Ошону туура аңдап ага маани берген инсан гана архив менен тыгыз байланышта болуп, өзүнүн изин калтырууга аракеттенет. Негизинен архив мамлекеттик жана жеке менчик болуп экиге бөлүнөт. Жеке менчик архивде адам өзүнө тиешелүү жана өзү кызыккан ар кайсы багыттагы өздүк документтерин сактаса, ал эми мамлекеттик архивде мекемелердин жана уюмдардын, коомдордун иш кагаздары сакталат. Архивдердин негизги максаты-тарыхый документтерди сактап, аны улуттук баалуулукка айландыруу. Архив тарыхтын күбөсү катарында далай мезгилдерди карытып, өткөн күндүн күбөсү катарында элге түбөлүккө кызмат кылуучу мекеме болуп кала бермекчи. Архив (мурас) документтери, бул жөн эле элдин тарыхы, анын мамлекеттүүлүгү, даректүү эс-тутуму гана болбостон, басып өткөн тагдыр жолу экендигин унутпасак. Т.Дилдебаев, Чаткал райондук мамлекеттик архивинин башчысы Даярдаган: Б. Дилдебаев ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *