Сыйлык-сыймык: район акиминен сыйлыкка ноутбук алды

IMG_20160120_134618 Өткөн 2015-жылы райондук мамлекеттик администрация тарабынан райондогу биометрикалык каттоо иш чарасына активдүү катышкан кызматкерлерге сыйлык катары бир даана ноутбук берүү чечими чыгарылган эле. Жыйынтыгында, бул иш чарага активдүү катышкан кызматкер катары Терек-Сай айыл аймагынын экономист-статисти Айгүл Жантаева табылган. Жакында болуп өткөн райондук коллегияда район акими Канжарбек Эшалиев Айгүл Жантаевага сыйлык катары убада кылынган бир даана ноутбукту өз колу менен тапшырды. Анда эмесе, Айгүл Жантаевага сыйлыгыңыз кут болсун демекчибиз]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *