Бакчалар ысык суу менен камсыздалууда

IMG_4575 IMG_4584 (2)  IMG_4612 Айгыр –Жал  айылындагы “Алтын-Бешик” бала бакчасы азыркы заманбап жабдуулар  менен  жабдылып, бакчанын ички шарты улам  жакшырууда. Тактап айта кетсек,  быйылкы жылдын эсебинен   “Алтын Бешик” бала бакчасына ысык суу киргизилип  азыркы учурда толугу менен иштеп жатат. Бала бакчада  негизинен 65 бала тарбияланып, анда 17 кызматкер эмгектенет.  МерсиКО  уюму тарабынан бала бакчага  200 метр аралыктагы булактан суу алынып келинип, 2 тайпага 5 жерге, ашканага 2 жерге жана кир жуучу жайга 2 жерге ысык суу киргизилди.   Азыркы убакта тарбиялануучулардын тазалыгын өз деңгээлде кармаганга  жана кызматкерлер идиш аяк ж.б. зарыл нерселерди жууганга ысык суу пайдаланышууда. Аталган иштерге МерсиКО уюму жана Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан жалпысы болуп 267818 сом жумшалды-дейт  бала бакча башысы  Сабира  Алымкулова. Т. Алмарсбек кызы «Чаткал оттору»]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *