Семинар: багбан Нарсулуу Абдылдаеванын күнөсканасы үлгү катары көрсөтүлдү

IMG_3697 IMG_3699 IMG_3685 IMG_3684 IMG_3710 IMG_3692 IMG_3722 IMG_3724 25-август күнү Айгыр-Жал айылында Чаткал райондук Айыл Кеңеш кызматынын (АКК) адистери Дания мамлекети тарабынан каржыланган  “Азык-түлүккө болгон укук” программасынын алкагында “Чакан күнөсканаларды куруу. Отунду үнөмдүү пайдалануу” аттуу семинар болду. Семинарга район акиминин биринчи орунбасары Жуманалы Накетаев, Каныш-Кыя айыл аймагынын адиси Кубанычбек Осмонбеков, жергиликтүү журналисттер жана айыл тургундары катышты. Мында,  тренерлер-Эркеайым Рысбекова жана Сайкал Кулмурзаевалар катышуучуларга айыл шартында чакан күнөсканаларды кантип куруу жана пайдалануу, үй шартында жер семирткич жасоо, “Тезпаз” меши жана анын пайдасы, жумуртка багытындагы тоок багуунун пайдасы сыяктуу айыл калкынын турмуш-тиричилигине пайдалуу, айыл калкынын экономикасын көтөрүүгө жөндөмдүү бир топ иш чараларды түшүндүрүшүп, АКК тарабынан аткарылып жаткан иш чаралардын жыйынтыктары тууралуу айтып беришип, айрымдарын тажрыйба түрүндө көрсөтүштү. Ал эми Айгыр-Жалдык дыйкан Нарсулуу Абдылдаева АККнын жардамы менен өзү куруп, ага бадыраң, помидор жана болгар калемпирин эгип, азыркы кезде пайдасын көрүп жаткан чакан күнөсканасы үлгү катары катышуучуларга тааныштырылды. Семинардын соңунда, катышуучулар бул семинардан бир топ пайдалуу нерселерди үйрөнө алышкандыктарын бир ооздон белгилешти. Ал эми, район акиминин биринчи орунбасары Ж. Накетаев, Каныш-Кыя айыл аймагынын адиси К. Осмонбековдор АКК кызматкерлерине айыл калкына эң керектүү иштерди аткарып жаткандыктары үчүн ыраазылыктарын билдиришти. АКК кызматкерлери өз кезегинде айылдардагы АККнын иштерине айыл башчылары жакындан жардам берип, айыл калкынын ички турмушун оңдоодо биргеликте аракеттенүүнүн ордуна салкын мамиле жасашып жаткандыктары тууралуу билдире кетишти. М. Эшназаров]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *