Г. Кошокова: Сумсар балдар бакчасы долбоор аркылуу оңдоп-түзөлүүдө

SAM_3155 Сумсар балдар бакчасы МЕРСИКОнун көмөгү  менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Жыл башында бакча жетекчиси Гульмира Кошокова МЕРСИКОго бакчанын имаратын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө 120 миң 430 сомдук долбоор жазып, аталган колдоо тапкан эле. Өтүп бараткан жумада долбоордун каражатына бакчаны оңдоп-түзөө иштери башталды. -Долбоордо каралган жалпы каражаттын 60 %ын же, 72350 сомун өздүк салым катары коомчулук ал эми, 40 %ын же, 48080 сомун МЕРСИКО каржылоодо. Мындан сырткары, Сумсар айыл өкмөтү да жыл сайын каражат жагынан жардам берип келет. бүгүнкү күндө, ата-энелер колдон келген жардамын беришүүдө.-деди бакча башчысы Гульмира Кошокова.  М. Эшназаров ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *