Айтургандын жетишкендиктери баарыбызды кубандырат

мелисбаева айтурган 2   мелисбаева айтурган 3 Быйылкы окуу жылы Курулуш айылындагы С. Мырзалиев орто мектебинин 9-классынын окуучусу Мелисбаева Айтурган үчүн жемиштүү  жылдардан болду. Буга албетте, Айтургандын окууга ыр-бийге болуп ынтызарлыгы себеп болуп, анын аркасы менен көптөгөн ийгиликтерди багындыра алды. Ал буга чейин райондогу мектептер арасындагы “Аялуу жан сыры адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде” аттуу кароо-сынакта Айтурган  белгилүү акын Э. Ибраевдин  “ Улут болсом,тилим менен улутмун”деген ырын ийнине жеткире көркөм окуп, 1-орунду багындырып,  кароо-сынактын облусттук туруна жолдомо алган эле.   Айтурган  облустук кароо-сынакка катышып, анда да ийгилик жаратып, район, шаарлардан барган катышуучулардын арасынан өзүнүн таланты менен алдыга суурулуп чыгып, 3-орундун ээси болуп кайтты. Анын бул жеңиши Чаткал районуна да бир топ аброй алып келе алды десек жаңылышпайбыз. Айтурган Мелимелисбаева айтурган 5сбаева мектеп турмушунмелисбаева айтурган 4да да ар дайым активдүү болуп, көп сынактарга катышып, багындырып келатат. Алсак, быйыл өзү окуган  С.Мырзалиев орто мектебинде болуп өткөн “Жаз периси 2015” сынагында 1-орунду ээлеген. Мындан башка да бир топ жетишкендиктери бар. Айтургандын  окуудагы жана жалпы эле мектеп турмушундагы  ийгиликтерин эске алып, быйылкы окуу жылында мектеп администрациясы Айтурган Мелисбаевага С.Мырзалиев атындагы 1000 сом өлчөмүндөгү стипендиясын тапшырып, “Жылдын мыкты окуучусу-2015”  наамы менен сыйлашты. Айтурган мындан да зор ийгиликтерди жаратаарына окуткан мугалимдери жана ата-энеси, классташтары ишеним көрсөтүшүп, аны менен сыймыктанып келишет. С. Субанова]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *