Чаткалда комплекстүү машыгуу болду

машыгуу 1 Май айынын 21-22-күндөрү Чаткал районунда комплекстүү машыгуу болду. Бул иш чарага район аймагынан 15 мекеме жана эки айыл аймактан жалпы 200 адам катышып, өзгөчө кырдаал жаралган учурларда кандай коопсуздук чаралары көрүлөөрү иш жүзүндө аткарылды. машыгуу 4Мында, алдын-ала планмашыгуу 3га ылайык, район борбору Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинин экинчи кабатынан “өрт чыгып”, ал кырсыктан мектеп окуучуларын аман алып калуу, андагы адамдарды коопсуз жерге эвакуациялоо, кырсыкка кабылгандарга медициналык жардам көрсөтүү сыяктуу алдын алуу иш чаралары өрт коопсуздугу бөлүмү, саламаттыкты сактоо мекемеси, ички иштер бөлүмү мекемелеринин кызматкерлери тарабынан иш жүзүндө аткарылып көрсөтулдү. машыгу 6 машыгуу 7 машыгуу 8 Комплекстүү машыгуу иш чарасына район акиминин орунбасары Жуманалы Накетаев, КР. ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан келген өкүлдөр майор Асан Сулайманов менен улук лейтенант Кубанычбек Абдыракмановдор катышып, комплекстүү машыгуунун башында турушту. 23-май күнү КР. ӨКМнин райондогу бөлүмү тарабынан район борбору Каныш-Кыя айылындагы негизги спорт оюндары өтчү  аянттын Чаткал дарыясына жакын жээгине таш төгүп, дарыянын агымын өз нугуна буруу иштери аткарылды. жээк ондоо 1 жээк ондоо 2 жээк ондоо 3 жээк ондоо 4 Бул жумуштарга райондук ДЭП-27 ишканасынан 1 автогрейдер, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 эксковатор, 1 КАМАЗ самосвал автомашинасы, Чаткал токой чарбасынан 1 трактор, Каныш-Кыя айыл аймагынан 3 самосвал автомашинасы жана 25 жумушчу тартылып, узундугу 60 метр, туурасы 4 метр жерге бийиктиги 1 метр таш жана шагыл ташылып, төгүлдү. жээк ондоо 5 жээк ондоо 6 жээк ондоо 7 КР.ӨКМнин  райондогу бөлүмүнүн маалыматына ылайык, бул күнү жалпысы болуп 162000 сомдук жумуштар аткарылды. М. Эшназаров “chatkal.kg]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *