Эмгеги менен элдин эсинде калган инсан

20150427_093336 “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деп улуу акын Аалы Токомбаев айтып кеткендей, көзү өтүп кетсе да, артында калган албан эмгектеринен элдин эскерип жүрүүсүнө арзыган инсандарыбыз ондоп саналат десем жаңылышпайм. Алардын бири-көзү тирүү кезинде өзүнүн эмгекчилдиги, адамдык бийик касиети менен белгилүү болуп келген инсан, маркум Сүйүмкан Чондоева.20150427_093706 Сүйүмкан Чондоева 1956-жылы Чаткал районунун Акташ айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1973-жылы Чаткал орто мектебин «Математикадан өзгөчө жетишкендиги үчүн» Ардак Грамотасы менен аяктаган соң, 1973-74-жылдары Жаш-Тилек орто мектебинде математика мугалими болуп эмгек жолун баштаган. 1974-жылы Ош педагогикалык институтунун физика-математика факультетине тапшырып, анда окуп жүрүп, 1979-жылы Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы кыз-келиндер институтуна которулуп, жогорку окуу жайын ошол жерден аяктаган. Институтта окуп жүргөн мезгилинде философиядан адабий ийримге катышып ВЛКСМдын Бүткүл союздук 6 конкурсунун республикалык турунда I даражадагы диплом менен сыйланган. Бул Чондоева Сүйүмкандын кесиптик жолундагы алгачкы ийгилигинин башаты эле. Андан аркы педагогикалык иш жолу Курулуш айылындагы Сары-Булак азыркы С.Мырзалиев атындагы орто мектебинен уланып, анда да талыкпаган изденүү менен аракеттенген, чыгармачыл мугалим катары көрүнө алган. Натыйжада, 1984-жылы Кыргыз ССРинин Агартуу министрлигинин “Ардак Грамотасы” менен сыйланган. Кийинки жылдар аралыгында Каныш-Кыя орто мектебинде мугалим, райондук билим берүү бөлүмүндө методист, Чаткал орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенген. Ар бир мектепте иштеген мезгилинде математиканы терең окутуп , кабинет түзүп , көргөзмө куралдар топтомун жасап окуучулардын сүйүктүү мугалимине айланган. 1991-жылы анын педагогикалык изденүүлөрү көз жаздымда калбай, ага “Мугалим методист” наамы ыйгарылган. 1992-жылы болсо, “Жыл мугалими” кароо-сынагына катышып жеңүүчү деп табылган. Ушул талыкпаган эмгегинин аркасында “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси менен сыйланган. Бир канча автордук сабактардын жаратуучусу катары райондук, областтык денгээлде методдору жайылтылган. 2000-жылы КР. Президентинин “Ардак Грамотасы” менен сыйланган. 2001-2006-жылдары С.Мырзалиев орто мектебинде директорлук кызматты аркалаган. Директор болуп иштеген кезинде учурдун талабына туура түшүнүп, Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен 1млн 742000 сомдук грант утуп алып, мектепти капиталдык ремонттон өткөрүп, учурдагы заманбап шартка келтирген жана жалпы баасы 200 миң сомдук керектүү эмеректер менен мектептин ар бир классын камсыздаган. 2009-жылдан баштап Сүйүмкан Чондоева районго сырттан инвестиция тартуу ишин колго алып, айылдагы тонолуп, жок болуп кеткен балдар бакчасын кайрадан ошол эле АБРден грант алган 192000 сом каражатка ремонт иштерин бүткөрүп, ошону менен бирге эле, балдар ойноочу аянтча жасаган. Өзү оңдоп-түзөп, калыбына келтирген “Айтамга “ балдар бакчасына жетекчилик кыла баштап, бакчага 25 бала бакчага кабыл алган. Ошол эле жылы август айынан баштап Сүйүмкан Чондоеванын жеке аракети менен бала бакча жергиликтүү бюджетке киргизилип каржылана баштаган. 2010-жылы дагы АБР тарабынан 142400 сом бөлүнүп берилип, кошумча эки бөлмөсү ремонгттолуп,кошумча экинчи группа ачылып,балдардын жалпы саны 44 кө, иштеген кызматкерлер 14 кө жеткирилген .20150427_093557 2010-жылы МЕРСИКО тарабынан каражат бөлүнүп, 120мин сомго жумшак жана катуу эмеректер жана оюнчуктар алынып берилди. Ушул эле жылы АБР тарабынан жалпы суммасы 20 мин сомдук каражатка ар кандай оюнчуктар, окуу куралдар бери лген. Сүйүмкан Чондоева 2011-жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан . Анын иш жүзүнө ашырган албан эмгектери эске алынып, 2012-жылы «Айтамга» балдар бакчасына анын ысмы ыйгарылып, “ С. Чондоева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму” болуп атаган .]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *