Өрт коопсуздугу эрежелери эске алынса

                                      өрт коопсуздугу 1 Бүгүнкү күндө өлкө аймагында аймагында турак-жай, короо-жайлар жана автоунаалардын өрттөнүүсү көп катталып, адам өмүрлөрүн алып жаткан учурлар болуп жатканы баарыбызга маалым. Жаз айларынын келиши менен айлана чөйрөнү таштандыдан арылтуу максатында ар кандай иш-чаралар уюшулуп,ошону менен бирге эле автоунааларды ,айыл чарба техникаларын ремонттоо иштери башталган учурда төмөнкү өрт кырсыгын алдын алуу эрежелерин эсиңиздерге салабыз: —   Айлана чөйрөнү тазалоо жана таштандыларды өрттөө учурунда үйдөн, короодон алысыраак жерге атайын таштанды төгүүчү чуңкурларга өрттөп, аны кароосуз калтырбаңыздар; — Тал-теректерди бутаган же жыккан учурда электр мамычаларына жана электр чубалгыларына этият болуңуздар; —   Айыл чарба техникаларын ремонттоодо кыймылдаткычтарды аккан майлардан тазалап, электр чубалгыларынын кабыкчаларынын желип калуусуна жол бербей, автоунаада   өрт өчүргүч (огнетушитель) болуусу талапка ылайык. Дагы бир айта кете турган зарыл маселе районубуздагы баардык мекеме-уюмдарда өрт өчүрүүчү каражаттар(өрт калканы) менен толук камсыз болуусу керек. Урматтуу районубуздун тургундары тилсиз жоого жол бербей, эмгек менен жаралган мүлкүбүздү сактайлы. Д. Тайиралиев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн башчысынын орун басары, лейтенант                            ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *