Окуучулар өрткө каршы кызмат тууралуу кеңири түшүнүк алышты

ППЧ окуу 1 ППЧ окуу 2 ППЧ окуу 3 ППЧ окуу 4  12-март күнү “С. Байдөөлөтов”, “А. Баймырзаев” жана Кайың-Суу орто мектептеринин 10-11-класстарынын окуучулары район борборунда жайгашкан Чаткал райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүндө болушуп, аталган мекеменин аткарган кызматы менен кеңири таанышышты. Бөлүмдүн башчысынын орунбасары Дастан Тайиралиев менен инспектор Азамат Жумабаевдер окуучуларды өрт өчүрүү шаймандары менен кеңири тааныштырышып, өрт кырсыгы болгон учурда кайсы шаймандын кандай колдонулушу тууралуу түшүндүрүштү. Буга кошо эле, өрт өчүрүү бөлүмүнө жаңыдан келген ЗИЛ 130 маркасындагы АЦ 40 автомашинасы менен тааныштырышып, анын иштөө жөндөмдүүлүгү тууралуу айтып беришти. Мындан сырткары, өрткө каршы бөлүмдүн ички жашоосу, өрт өчүрүүчүлөргө түзүлгөн ыңгайлуу шарттар менен да тааныштырышып, өрт кырсыктарынын кантип алдын алуу, өрт кырсыктары жүз берген учурда кандай чараларды көрүү керектиги тууралуу окуу өтүштү. Бул иш чара облустук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын буйругуна ылайык өткөрүлдү. Мындай иш чара 11-март күнү райондун Сумсар айыл аймагынын Сумсар орто мектебинде жана Терек-Сай айыл аймагынын “А. Чымканаев” орто мектебинде өткөрүлгөн.]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *