Район акиминин келечекке аракети колдоого татырлык Чаткал району климаттык шарты катаал, облустук, республикалык борборлордон өтө алыс жайгашкандыгы менен белгилүү. Андыктан, районубузда көптөгөн көйгөйлөр бар экендиги да маалым. Алардын бири-кадр жетишпестиги. Районубуздагы кадрдык жетишпестикти жоюу багытында учурдагы райондук жетекчилик тарабынан аракеттер көрүлүп келаткандыгы бизди кубандырбай койбойт. Антсе да, район калкы үчүн эң керектүү болуп келе жаткан саламаттыкты сактоо, тоо кен тармактарындагы керектүү кадрларды даярдоо колго алынып келаткандыгы жакшы көрүнүш. Билишибизче, райондук жетекчилик тарабынан быйылкы жылда районубуздан бир нече улан-кыздар райондук жетекчиликтин демилгелүү аракети жана райондогу тоо кен ишканаларынын демөөрчүлүгү менен медициналык жана тоо кен тармагындагы жогорку окуу жайларда билим алышууда. Мен, райондук жетекчиликтин колдоосу менен медициналык жогорку окуу жайда окуп жаткан студенттердин биринин энеси катары райондук жетекчиликке жана районубуздун акими Канжарбек Эшалиевге чын дилимден ыраазылык билдирип кетмекчимин. Чындыгында, уул-кыздарыбызды медициналык жогорку окуу жайы мындай турсун, орто окуу жайларга окутуунун акысын төлөө канчалык оор экендиги чындык. Бүгүнкү күндө, билишибизче, районубуздан сегиз студент медициналык жогорку окуу жайында окуп жатышат. Район жетекчилиги эл көйгөйүн туура түшүнүп, уул-кыздарыбызды калкка эң керектүү адистиктерге акысыз окутуп жаткандыгы колдоого татырлык. Районубуздун акими Канжарбек Эшалиев жаш экендигине карабай, калкыбыздын көйгөйүн жакындан сезип, элибиздин негизги көйгөйлөрүнүн бири болгон медкызматкерлерге болгон таңкыстыкты чечүүнүн жолун тапкандыгы менимче, ата-энелердин, дегеле, жалпы район калкынын кынтыксыз колдоосуна ээ болчу аракет деп баалайм. Кудай буюрса, райондук жетекчиликтин аракети бүгүнкүдөй ыргакта жанбай турса, беш-алты жылдан соң, районубузда медкызматкерлерге болгон таңкыстык жоюлат деген ишеничте турган кезибиз. А. Байдөөлөтова, Каныш-Кыя айылы]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *